Кыргызстанда билим берүүгө бөлүнгөн каражаттын натыйжалуулугу канчалык?

Жениш Айдаров

Билим берүү Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинде чыгымдардын эң маанилүү статьяларынын бири болуп саналат. Жыл өткөн сайын билим берүү жаатына маани берүү мамлекет тарабынан да коомчулук тарабынан даөзгөчө болгону менен бул тармакта абал сезилээрлик өспөй жаткандай.

Акыркы алты жылдын ичинде жыл сайын билим берүүгө кеткен чыгымдардын номиналдык өсүүсү байкалат, мисалы, 2007-жылга салыштырганда 2013-жылы билим берүүгө сарпталган мамлекеттик чыгымдар дээрлик 2,5 эсе көбөйдү. Бул мезгилдин ичинде ИДПга салыштырмалуу билим берүүгө каржыланган чыгымдардын үлүшү 5,8 пайыздан 6,8 пайызга чейинкини түздү.

jenish-aidarov1

Ошол эле учурда Кыргызстанга салыштырмалуу билим жаатында бир топ алдыга кеткен башка өлкөлөр бул тармакка Кыргызстанга салыштырмалуу ички дүң продуктунун азыраак эле бөлүгүн сарптоо менен иштин натыйжалуулугун көрүүгө болот.

jenish-aidarov2

Азыркы учурда жалпы Кыргызстанда орто билим берүү тутумунда 2207 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюм иштейт (алардын ичинен 2076 – мамлекеттик бюджеттен каржыланат), алар жалпысынан 1000,27 миң окуучуну камтышат. Акыркы он жылдын ичинде билим берүүчү уюмдардын тармагы 229 бирдикке көбөйдү, ошол эле учурда окуучулардын саны 13,3 пайызга азайды (шаар жерлеринде — 4,2 пайызга жана айыл жерлеринде — 17,0 пайызга).

jenish-aidarov3

Каржылоонун жылдан жылга өсүп жатканына карабай жалпы билим берүүчу мекемелердин абалы жана билим сапаты кескин өзгөрүп кеткени байкала бербейт. Айрыкча ар кандай жаратылыш шарттарына жана пайдалануу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жалпы билим берүүчү мекемелердин тартышытыгы жана талапка жооп бербеген имараттардын саны кыскарбай кала берүүдө. 2014-2015-окуу жылдын башында өлкө боюнча жалпысынын 147 мамлекеттик билим берүү мекемелери авариялык абалда, анын ичинде чатырларда окуусун улантыштдары да болду.

jenish-aidarov4

Мугалимдердин маянасы жогорулаганы менен айыл жерлеринде жана шаарларда да кээ бир адситиктер боюнча мугалимдердин тартышытыгы сакталып кала берүүдө. Акыркы он жылдын ичинде педагогикалык кадрлардын саны 10 пайызга өстү жана 2012-жылы 75,6 миң мугалим иштеген. Ошол эле учурда 2002-жылга караганда баштапкы класстардын мугалимдеринин саны 7 пайызга азайды. Жалпы билим берүүчү уюмдардын 57 пайызынын ашыгында адистештирилген сабактар — математика, физика, чет тилдер, орус тил жана адабияты боюнча 2 миңдей мугалимдердин жетишпейт. (стат)

Республикадагы билим берүү тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууда педагогикалык кадрлар өзгөчө ролду ойнойт. Адистештирилген педагогикалык уюмдардын бүтүрүүчүлөрүнүн болжол менен 10-15 пайызы гана мектептерге иштөө үчүн келишет. Калгандар экономиканын башка тармактарында эмгектенүүнү каалашат (Кыргызстан боюнча изилдөө, ЮНИСЕФ). Эмгек акынын төмөн болгондугунан башка да себептер мектептерде педагогдордун жетишпегендигине алып келет. Бул — начар социалдык пакеттер, эмгектенүүнүн жаман шарттары жана мугалимдик кесибинин төмөн социалдык статусу.
Адатта, аялдар окутуучулук кесип менен алек болушат. 2013-окуу жылында жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалим-аялдарынын үлүшү 83 пайызды түздү.
Жылдан жылга чейин баштапкы мектептерде иштеген пенсияга жакындап калган курактагы жана пенсия курагындагы мугалимдердин саны көбөйүп баратат, алардын көпчүлүк бөлүгүн аялдар түзөт, бул педагогикалык кадрлардын эскирип бараткандыгын күбөлөндүрөт.